Бүгүн, 10-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −1…+4, күндүз 0…5;
Таласта түнкүсүн −1…+4, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндуз 4…9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −2…+3, күндуз 8…13;
Нарында түнкүсүн −3…+2, күндүз 3…8.
Бишкекте түнкүсүн 0…2°, күндүз 2…4° жылуу болот.



