7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда абал кандай?

265

Бүгүн, 10-март ɵлкɵ аймагында аба ырайынын кескин ɵзгɵрүшүнɵн улам ашууларда күн бүркөк, бороон болуп, туман каптап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өтмөк ашуусуна, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу авто унааларга киргизилген чектɵɵлɵр күчүндө.
Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел, Кɵк-Бел, Суусамыр –Талас- Тараз жолундагы Өтмɵк ашууларында жеңил авто унаалар үчүн каттам бар.

Ал эми, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп –Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.

«Жол тейлɵɵ ишканалары түнкүсүн жааган карды жана кар күрткүлɵрүн тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштерин күнү-түнү үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери туруктуу аткарылууда», — делет маалыматта.

 

266