7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов БУУну аял жетектей турган мезгил келгенин айтты

189

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, уюмдун дээрлик 80 жылдык тарыхында БУУну аял киши жетектеген эмес.

«Кыргызстан аялдардын укуктарын кеңейтүү, гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндап бердим. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн принциптерине өзү үлгү болушу керек экенин белгиледим. Дээрлик 80 жылдык тарыхында бул уюмду аял киши жетектеген эмес. Ошондуктан менин ишенимимде, Бириккен Улуттар Уюмунун кийинки Башкы катчысы аял болушу керек. Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү бардык аялдар жана кыздар үчүн коопсуздук, адилеттүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр камсыз болгон келечек үчүн эл аралык коомчулук менен бирге иштөөгө даяр»,- деди Байсалов. 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

190