Режеп Тайып Эрдоган ТМУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу 7-мартта Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынынын алкагында орун алды.
Жолугушууда Түркиянын президенти ТМУ тышкы иштер министрлерин жылуу кабыл алып, түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты андан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорду жеткирди. Ал Түркия Кыргызстандын эң маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин, аны менен достук, өз ара урматтоо жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелер сакталып келе жаткандыгын белгиледи.
Министр ошондой эле Режеп Тайып Эрдогандын ар кандай аймактык жана глобалдык чыр-чатактарды дипломатиялык жол менен чечүү боюнча тынчтык демилгелерин алга жылдырууга кошкон жеке салымын жогору баалады.
Ошондой эле ушул жылы Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин тастыкташты.



