7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун таасирдүү лидери кармалды

189

Жалал-Абад облусунун аймагында «Хизб-ут-Тахрир» ДЭУнун таасирдүү лидери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы 7-мартта кылмыш ишинин алкагында өлкө аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун таасирдүү лидерлеринин бири М.Н.Э. кармалды. Ал аталган экстремисттик уюмдун иерархиясында Сузак району боюнча масул (лидер) катары көрсөтүлгөн.

Аталган жаран Кыргызстандагы Хизб-ут-Тахрир уюмунун лидери жана дүйнөлүк Хизб-ут-Тахрир системасындагы өлкөдөгү өкүлү менен байланышын сактап келген. Ал бир нече жылдар бою Жалал-Абаддагы калк арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, экстремисттик материалдарды таратуу жана катардагы мүчөлөрдөн экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо үчүн каражат чогултуу менен алектенген.

Кармалган жаран кылмыш ишинин алкагында М.Н.Э. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда уюмдун түзүмдүк уячаларын жана башка кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

190