7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баш ийбей, качкан… Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды

14

Бишкекте түнкү рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чарада «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо шектүү кыймыл жасап, башка жол кыймылынын катышуучуларына кооптуулук жараткан.

МККБ кызматкерлери мыйзамдуу түрдө унааны токтотуу талабын коюшкан. Бирок айдоочу баш ийбей, качууга аракет кылган. Унаа кыска убакыттын ичинде кызматкерлер тарабынан токтотулуп, айдоочу кармалган.

Текшерүү учурунда айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталган. Аталган факты боюнча айдоочуга карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, автоунаа айып короого токтотулду.

15