7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-монгол кызматташтыгы: Элчи ишеним грамотасын көчүрмөсүн тапшырды

22

Күн мурун Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Молдогазиев Монголиянын тышкы иштер министринин орун басары Гомбосурэн Амартувшинге ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

ТИМден билдиришкендей, ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшыруу учурунда Айбек Молдогазиев кыргыз-монгол кызматташтыгын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү жигердештирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин талкуулап, кыргыз-монгол мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө болгон берилгендигин тастыкташты.

23