7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айпери Медет кызы Олимпиада чемпиону менен беттешет

24

Айпери Медет кызы «PWL» турнирине катышат. Бул тууралуу аталган турнирдин официалдуу баракчасында жазылат.

Маалым болгондой, Медет кызы Жапониянын азыркы Олимпиада чемпиону Юки Кагами менен беттешет. Балбан кыздар буга чейин спортчулар төрт жолу беттешип, экөө тең экиден жеңишке жеткен.

Акыркы жолугушуу 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында орун алып, анда Кагами жеңген.

Жапон спортчусу 2024-жылы Париждеги Олимпиаданы уткандан кийин килемге чыга элек.

Ал эми Медет кызы Париждеги Олимпиадада 5-орунду ээлеп, андан кийин Азия чемпионатын жана Ислам оюндарын утуп, дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болгон.

Белгилей кетсек, турнир 27-мартта Ташкентте (Өзбекстан) өтөт. Андан сырткары аталган «PWL 11» турнирине Акжол Махмудов жана Абдумалик Карачов да чыгышат.

2026-жылдын «PWL 11» биринчи турнири Кайл Снайдер, Заурбек Сидаков, Разамбек Жамалов, Заур Угуев жана Луис Альберто Орто Санчес сыяктуу Олимпиада чемпиондорун чогултат.

25