7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дыйкандарга арпа, буудай, кант кызылчасын көп өстүрүү сунушталды

20

Дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өндүрүмдөрүн өстүрүүгө өзгөчө басым жасоо сунушталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов билдирди.

Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу стратегиялык тамак-аш запасынын сап башында турат.

Ал эми малина, кулпунай, жүгөрү киреше көп берүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарын толуктайт.

Бул багытта дыйканчылык кылууга камданган жарандарга тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системасын колдонуу сунушталат. Үнөмдүү сугат ыкмасын орнотууда дайкандар мамлекет тарабынан эң төмөнкү үстөк пайыздары менен жеңилдетилген насыяларды ала алышат.

21