Депутат Жылдыз Курманалиева «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында Бонецкий лабораториясында оор абалдагы бейтаптар үчүн берилүүчү жеңилдиктер эмне үчүн 50%дан 40%га чейин төмөндөп кеткенине кызыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева учурда лаборатория 40 пайыздык арзандатуу берип жатканын жана ал дагы деле күчүндө экенин айтты. 50%дан төмөндөшүнө реагенттердин кымбатташы себеп болгон.
«Азыркы учурда биз лаборатория менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, оор абалда жаткан бейтаптар үчүн жеңилдикти кайрадан 50%га чейин калыбына келтирүүнү пландап жатабыз», — деп белгиледи Ибраева.



