7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Администрациясында тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү

8

Президенттин Администрациясында тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023–2027-жылдарга карата иш-аракеттердин беш жылдык жол картасын ишке ашырууну талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешме аймактык жана чет элдик илимий-билим берүү уюмдарынын күч-аракеттерин тоолуу экосистемаларды жана тоолуу жамааттарды изилдөө үчүн бириктирүүгө арналган. Кеңешме Президенттин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова тарабынан Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова менен биргеликте уюштурулду.

Кеңешмени ачып жатып, Президенттин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышуучуларга 2027-жылдын октябрь айында өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммити тууралуу маалымат берип, өлкөнүн илимий дараметин Кыргызстандын тоолуу экосистемаларында жүрүп жаткан негизги процесстерди изилдөөгө багыттап, бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө илимий-изилдөө коомчулугунун өкүлдөрү тоо маселелери боюнча өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, глобалдык жана аймактык деңгээлдеги илимий, изилдөө жана билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча өз көз караштары менен бөлүштү.

9