Кызыл жарыктан өтүп, жөө жүргүнчүнү сүзүп кете жаздаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа светофордун кызыл жарыгына өтүп, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кетүүгө аз калгандыгы тууралуу видеоматериал тараган.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, автоунаа аныкталып токтотулган. Айдоочуга карата колдонуудагы мыйзамдардын негизинде укук бузуу жөнүндө тиешелүү протоколдор түзүлдү.



