Зергерчилик — Кыргызстандын улуттук экономикасынын өсүү чекиттеринин бирине айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.
Анын айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Министрлер Кабинети зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыккан.
Атап айтканда, зергердик буюмдарын өндүрүүгө адистешкен ишканалар алтынды Лондон биржасынын котировкасынан 2% төмөн баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бул алтын алдын ала төлөмсүз, 6 айлык төлөмдү кийинкиге жылдыруу шарты менен берилет.
Ошондой эле Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча мамлекеттик банктар зергер-ишкерлерге атайын жабдууларды сатып алуу үчүн жылдык 6% менен жеңилдетилген насыяларды бере баштайт.
Мында 180 күндүк жеңилдетилген мөөнөт каралган, бул убакыт аралыгында ишкерлер пайыз төлөбөйт.
«Эки маанилүү шарттын айкалышы — алтынды Лондон котировкасынан төмөн баада алуу мүмкүнчүлүгү жана жабдуу сатып алууга жеңилдетилген насыялар ата мекендик зергерчилик ишканаларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт», — деп баса белгиледи Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.
Бул жаңы чаралар кошумча жумуш орундарын түзүүгө, экспортту көбөйтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык зергерчилик рыногундагы позициясын бекемдөөгө жардам берерин кошумчалады.
«Мамлекет өлкө ичинде алтынды кайра иштетүүнү жана зергер буюмдарын өндүрүүнү өнүктүргөн ишкерлерди мындан ары да колдоого даяр. Бизнес менен мамлекет натыйжалуу кызматташса, зергерчилик тармагы Кыргызстандын улуттук экономикасынын өсүү чекиттеринин бирине айланышы мүмкүн», — деп жыйынтыктады Алмамбет Шыкмаматов.



