Гананын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сэмюэл Окудзето Аблаква расмий сапары менен 15–17-март күндөрү өлкөдө болот.
Сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландалууда. Анда Кыргызстан менен Гананын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун келечеги талкууланат.



