7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЦУМдун жанында салынып жаткан «коробка» кайра бузулмай болду

377
 Бишкектеги Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги имарат жакын арада кайра бузулат. Бул тууралуу «Ташболот Холдинг» компаниясынын жетекчиси Назгүл Түлеева билдирүү таратты.
Ал кеп эл «коробка» деп атаган объект тууралуу жүрүп жатканын белгилеген.
Түлеева бул конструкциянын Old Bishkek долбооруна тиешеси жок экенин билдирди. Айтымында, ал имараттын башка үч ээси бар.
«Буга карабастан биздин компания объектинин ээлери жана шаар бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү демилгеледи. Жыйынтыгында менчик ээлери менен биргеликте имаратты бузуу чечими кабыл алынды», — деген ал.
Түлеева объектини Old Bishkek долбоорунун адистери буза турганын, иш жакын арада башталарын белгилеген. Андан кийин дароо аймак бошотулуп, көрктөндүрүлөт, курулуш болбойт. Компаниянын жетекчиси долбоор боюнча эми курулуштар жалаң жер алдында жүргүзүлөрүн кошумчалады.
378