7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

23

 Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6–10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат:

  • Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат;
  • Батыш РЭТ: 100 даана оңдолуп, 3 даана жаңысы орнотулат;
  • Түндүк РЭТ: 85 даана оңдолуп, 10 даана жаңысы орнотулат.

Белгилей кетсек, Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 2 248 даана трансформатор бар. Жылдын аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

24