7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында «Керме-Тоо» мейманканасы жери менен муниципалитетке кайтарылды

188

Нарын шаарында «Керме-Тоо» мейманканасы жана ага караштуу 2,35 гектар жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык прокуратурасынын талабынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын облустук башкармалыгы сотко доо арыз менен кайрылган.

Иликтөө учурунда аталган мүлктү менчиктештирүүдө Жер кодексинин, «Муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдын жана Жарандык кодекстин талаптары одоно бузулгандыгы аныкталган.

Натыйжада аталган мейманкана жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кайтарылды.

189