Нарындагы Орто-Токой суу сактагычына май-канак балыгынын 1,2 млн чабагы кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, чабактар «Орто-Токой ынтымагы» ЖЧКсы тарабынан кое берилди. Алардын орточо салмагы 0,45 граммды түзөт.
Иш-чара суу сактагычтагы балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.
Балыктандыруу иш-чарасы Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025-2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



