17-мартта Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезонго даярдык көрүү алкагында кеңири тазалоо иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чараны облус милициясынын башчысы, генерал-майор Мурат Боронов жетектеп, ага милиция кызматкерлери, ӨКМ, муниципалдык кызматтар, экологиялык уюмдар жана ыктыярчылар катышты.
Тазалоо иштеринин жүрүшүндө көлдөр, көлмөлөр жана суу сактагычтар мыйзамсыз балык торлорунан жана таштандылардан тазаланды. Атайын техникалар тартылып, иштер күчөтүлгөн тартипте уюштурулду.
Иш-чара Садыр Жапаров кол койгон №131 Жарлыктын негизинде өткөрүлдү. Мурат Боронов жаратылышты коргоо ар бир жарандын милдети экенин белгилеп, экологиялык маданиятты жогорулатууга чакырды.
Мындай иш-чаралар аймактын экологиялык абалын жакшыртып, туристтер үчүн коопсуз жана таза шарттарды түзүүгө багытталган.