7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстан кыргыз журналисттерин кандай тосуп алды?

23

22-март күнү ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын 20дан ашуун өкүлү коңшу Тажикстан Республикасына атайын иш сапар менен жөнөп кетишти. Журналисттер бул өлкөдө 5 күн болуп, анын ичинде өлкөнүн жетишкендиктери, тажик элинин маданияты, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү жана маданий жайлары менен жакындан таанышышат.

Атайын уюштурулган пресс-турга кыргыз ЖМКларынан 7-канал, Улуттук телерадио корпорациясы, ЭлТР телерадио корпорациясы, Кабар маалымат агенттиги, Kaktus.media, Super.kg, Tazabek, Nomad TV, Region TVнын кабарчылары катышууда.

Иш сапардын алгачкы күнү кыргыз журналисттери Дүйшөмбү шаарына келишип, тажик элинин меймандостугуна дароо күбө болушту. Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышып, майрамдык маанайга ортоктош болушту. Боги Ирам сейил багында келген меймандар үчүн тажик элинин улуттук каада-салты, улуттук оюндар жана концерттик программа тартууланды. Уюштуруучулардын айтымында, мындай майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, анын алкагында Нооруз майрамы кеңири белгиленүүдө. Белгилей кетсек, Нооруз майрамы Тажикстанда 15 күн бою майрамдалат.

Бул кызматташуу Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 8–9-июль күндөрү Тажикстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашууда. Анда эки өлкөнүн журналисттеринин тажрыйба алмашуусу боюнча пресс-турларды уюштуруу макулдашылган. Аталган келишимге ылайык, буга чейин тажик журналисттери Кыргызстанга келип кетишсе, бул жолу кыргыз журналисттери тажик жергесинде мейман болууда.

Айта кетсек, буга чейин ушундай эле форматтагы пресс-турлар Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда да уюштурулган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

24