7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

70 миңге жакын салык төлөөчү декларация тапшырды

14

23-мартка карата бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 69 миң 851 адамды түздү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдирди.

Анын ичинде 26 миң 219 юридикалык жак жана 43 миң 632 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле айрым жеке жактар декларация тапшырышкан. Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү декларацияны акыркы мөөнөткө калтырбай, алдын ала тапшырууга чакырат.

1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:

– ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
– туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
– Судьяларды тандоо кеңешинин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.
– мамлекеттик үлүшү бар мекеме, ишкана же уюмдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.

1-майга чейин төмөнкүлөр декларация тапшырууга тийиш:
— жеке ишкерлер (0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары боюнча патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасында иш жүргүзгөндөрдү, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларын кошпогондо);
— эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары;
— отчеттук мезгил үчүн киреше салыгы кармалбаган салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Башка жеке жактар, анын ичинде социалдык же мүлктүк жеңилдиктерди алууну каалагандар, декларацияны ыктыярдуу түрдө тапшыра алышат. Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

15