Бишкекте 25-март саат 19:00дөн тартып 26-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки аралыгы убактылуу жабылат.
Бул убакыт аралыгында жөө адамдар үчүн жер үстүндөгү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Бишкек мэриясы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландап алууну өтүнөт.



