7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында көрүстөндүн ордуна 1,3 миң түп көчөт отургузулду

10

Бүгүн Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты — шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, жаңы эс алуу жана жашыл мейкиндиктерди түзүү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы, коомдук ишмерлер, аксакалдар, жаш активисттер жана коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Шаар мэри Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди. Ал эми министр “Жашыл мурас” программасынын алкагында 2026-жылы өлкө боюнча 9 миллион бак отургузуу пландалып жатканын айтып, Ош шаарындагы демилгелерди жогору баалады.

Аймакты комплекстүү жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, декоративдүү жана көлөкө берүүчү бак-дарактардын 6 түрүнөн 1300гө жакын көчөт отургузулду. Бул иштер шаарды көрктөндүрүү, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

11