Эртең, 25-мартта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2… +7, күндүз +17… +22;
- Талас жергесинде түнкүсүн 0… +5, күндүз +15… +20;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5… +10, күндүз +19… +24;
- Нарын аймагында түнкүсүн -3… +2, күндүз +7 .. +12;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3… +2, күндүз +12… +17;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +4… +6, күндүз +20… +22 градус жылуу болот



