7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШда алгач ирет кыргыз күрөшү боюнча турнир өттү

8

АКШнын Филадельфия шаарында алгач ирет кыргыз күрөшү боюнча “Philadelphia Open Cup” турнири өттү.

Мелдешке Америкада жашаган кыргызстандык спортчулар катышып, алардын катарына Казакстан жана Египеттен келген балбандар да кошулду. Жалпысынан 42 спортчу күч сынашты.

Турнирдин уюштуруучуларынын бири Талгат Өмүрбеков бул мелдеш быйыл Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарына арналып өткөрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, негизги максат — АКШда кыргыз күрөшүн жайылтуу жана өнүктүрүү.

Мелдештин байге фонду да көңүл бурарлык болуп, баш байгеге үч унаа коюлган. Иш-чарага миңге жакын көрүүчү келип, улуттук спортко болгон кызыгуунун жогору экенин көрсөттү.

Күрөш мелдешинен тышкары жаа атуу жана ордо оюндары да уюштурулуп, көрүүчүлөр үчүн өзгөчө атмосфера жаратылды.

Жыйынтыгында, 90 килограммдан жогору салмакта Эмил Жоробеков баш байге — унаага ээ болду. Ал эми 90 килограмм салмакта Нурмат Муратбек уулу биринчи орунду камсыздады. 75 килограмм салмакта Малик Жээнбеков чемпион аталды.

9