7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону айланта веложол жана тротуар куруу керектигин белгиледи

17

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу керектигин белгиледи. Бул тууралуу мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайы, мэр Жанарбек Акаев жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият тармагы боюнча маселелерди талкуулоо боюнча жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо боюнча долбоордун презентациясы тааныштырылды.

Шаар мэри долбоорду ишке ашырууда чечкиндүү кадамдар керектигин белгилеп, Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курууну сунуштады.

Долбоорго ылайык Сулайман-Тоонун жолдору, тепкичтери, дарбазалары жана музейлердин ичи, сырты толук реконструкцияланат. Долбоор жалпы 12 бөлүктөн турат жана 3 этап менен ишке ашырылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

default
18