7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулда Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышы болду

208

24-мартта Стамбул шаарындагы “Атлас” кинотеатрында Кыргыз кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага КР Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобеков, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директорунун орун басары Нуралы Байтереков, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгынын директорунун орун басары Мухаммет Фарук Байрам, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат, ошондой эле кыргызстандык жана түркиялык кино ишмерлер, чакырылган меймандар жана мекендештер катышты.

Ачылыш аземинде Башкы консул Чынгыз Токтобеков сөз сүйлөп, Кыргыз кино күндөрүнүн негизги максаттарынын бири кыргыз маданиятын жана кинематографиясын түркиялык көрүүчүлөргө таанытуу, ошондой эле Стамбулдагы мекендештерди бириктирүү экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай иш-чаралар чет өлкөдөгү жарандардын өз ара байланышын бекемдеп, алардын мекен менен болгон руханий байланышын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Кечени КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун чакыруусу менен келген КР эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков жана жаш талант Нурдөөлөт Деркембаев коштоп, катышуучуларга ыр майрам тартуулады. Кино күндөрүнүн алгачкы күнүндө Стамбул шаарынын көрүүчүлөрүнө режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кара Кызыл Сары” көркөм тасмасы сунушталды. Аталган тасма жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын новеллаларынын негизинде тартылып, анда килем токуучу баткендик Турдугүл аттуу келиндин тагдыры баяндалат. Фильмде сүйүү, үй-бүлөлүк баалуулук, миграция маселелери жана чек ара аймактарындагы көйгөйлөр чагылдырылган.

Белгилей кетсек, бүгүн 25-мартта кино күндөрүнүн алкагында Дастан Жапар уулунун “Качкын” тасмасы көрсөтүлөт. Ал эми 26-мартта режиссёр Руслан Акундун “Бейиш 2” тасмасы менен Кыргыз кино күндөрү жыйынтыкталат.

Эске салсак, Стамбулда өтүп жаткан Кыргыз кино күндөрү КР Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулууда.

 

209