7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лицензиясы жок дарылап… Бишкекте медициналык борбордун ээси кармалды (ВИДЕО)

5
Бишкекте медициналык борбордун ээси кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, «Дем-Нур» медициналык борбордун ээси 1955-жылы туулган О.Ш. баңгизаттарга жана алкоголдук ичимдиктерге көз каранды бейтаптарды тиешелүү уруксат берүүчү лицензиясы жок эле дарылоону жүргүзүп, психотроптук заттарды мыйзамсыз сактап, колдонуп жана саткандыгы аныкталган.
Аталган клиникага жүргүзүлгөн тинтүүнүн жүрүшүндө 18 ампуладагы психотроптук заттар, 600 ампуладагы жана 16 таңгактагы ар кандай дары-дармектер табылып алынган.
Мындан тышкары, шектүүнүн жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүү учурунда дагы психотроптук заты табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жаран О.Ш. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

6