Тоң районундагы Эшперов айылындагы бала бакчанын директору Аида Жаныбекова “КМШнын мыкты педагогу” наамын жеңип алды.
Белгилүү болгондой, Аида Жаныбекова аталган сынактын биринчи этаптан ийгиликтүү өтүп, 24-мартта Астана шаарындагы жыйынтыктоочу баскычта “КМШнын мыкты педагогу” деген наамына ээ болгон.
Белгилей кетсек, мугалим 20 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ошондой эле ал социалдык тармактар аркылуу орус тилин окутуп, кеңири аудиторияга билим берип келет.



