Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына 5 миң балыктын чабагы коё берилди (ВИДЕО)
10
Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына 5 миң балыктын чабагы коё берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына куйган сууларга Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын 5 миң даана чабактары коё берилди.
«Аталган иш-чара мамлекеттик саясаттын алкагында суу биоресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Балыктандыруу — табигый суу объектилериндеги балык ресурстарын калыбына келтирүүнүн жана көбөйтүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири», — делет маалыматта.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар экологиялык абалды жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана суу экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле аймактагы балык чарбасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө оң таасирин тийгизет.