Бүгүн, 2026-жылдын 26-мартында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭжБКУБ) борбордун дарыгерлери тарабынан 29 жаштагы бейтапка кезектеги бөйрөк трансплантациялоо операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, операция акысыз негизде аткарылган.
Бейтап 12 ай бою программалык гемодиализде болгон. Өнөкөт гломерулонефритке байланыштуу бөйрөгү функциясын жоготкон. Донор — бейтаптын бир тууган агасы.
Белгиленгендей, 2024-жылдын январь айынан бери мамлекеттин эсебинен 41 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жүргүзүлгөн. Жалпысынан 2018–2026-жылдары борбордо 83 трансплантация жасалган.



