Чолпон-Ата айланма жолу көчмөндөр оюнуна жана ШКУ саммитине карата бүткөрүлөт (ВИДЕО)
24
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин карата 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушун баштады.
Маалыматка ылайык, 4 тилкелүү жолдун узундугу 15,64 чакырымды түзүп, паралелдүү долбоорлоо менен курулат. Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.
Учурда ашыкча топуракты казып алуу жана ташып чыгаруу, демонтаждоо, темир-бетон буюмдарын даярдоо, жана жер жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, асфальт-бетон завод орнотуу пландалууда.
Аталган жолду белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн «Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн» подрядчы компаниясы менен келишим түзүлдү.
Белгилей кетсек, долбоор шаардын транспорттук жүгүн азайтуу, эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатын көздөйт.