7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын жалган кызматкери кармалды

301

УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Азербайжандын жараны А.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү КР жаранынын «Сахаб» аттуу жаранга карата чара көрүү тууралуу арызынын негизинде, ал өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, ишенимине кирип, №1 тергөө абагында камакта жаткан уулун актап берүүнү убада кылып, алдоо жолу менен 24 100 доллар жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган.

Мындан тышкары, КР жараны тарабынан «Сахаб» аттуу адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен түшкөн арыздын алкагында, ал 2025-жылы сентябрдын башында Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде, «Bishkek Petroleum» май куюучу жайынын жанында өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, ишенимге кирүү жана алдоо жолу менен, тигүү цехине ишке орноштуруу үчүн Вьетнам жарандарын алып келүү шылтоосу менен 14 миң долларын ээлеп алган.

Бирок, аталган адам каражатты алгандан кийин ар кандай шылтоолор менен акчаны кайтарып берген эмес.

Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралар уланууда.

УКМК А.С. аттуу жарандын аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды 0312 88 83 52 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөт.

302