Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу улуттук валюта — сомду өлкө ичинде басып чыгаруу иши башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин улуттук валюта чет өлкөлөрдө даярдалып келген болсо, эми Кыргызстан өзү акча басып чыгаруучу өлкөлөрдүн катарына кошулду.
Мындан ары республика башка мамлекеттердин валюталарын да буйрутма аркылуу басып чыгарууга даяр. Бул багытта эл аралык талаптарга жооп берген тиешелүү сертификат алынганы белгиленди.
Ошондой эле өлкөдө жарандык паспорттор, ID-карталар, айдоочулук күбөлүктөр жана унаа техпаспорттору жогорку сапатта чыгарылып жатканы маалымдалды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан бир катар мамлекеттерден буйрутмалар түшүп жатканын, документтерде жана акчаларда коргоо элементтери жогорку деңгээлде камсыздалганын белгилейт.
Президент бул жетишкендик өлкөнүн өндүрүштүк жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүн айгинелейт деп кошумчалады.




