Бүгүн, 27-март Ош шаарынын Озгур айылындагы эски көрүстөндү экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу максатында көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Франциянын, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилери, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Озгур айылындагы аталган көрүстөн рекультивация иштеринен кийин экинчи жашылдандырылып жаткан аймак болуп саналат. Долбоорго ылайык бул жерди жашылдандыруу максатында 70 сотых аянтка 250 даана эки түрдөгү (ясень, клён) көчөттөрү отургузулду.
Белгилей кетсек, быйыл Ош шаары боюнча рекультивациядан өткөн 8 көрүстөндүн ордун, жалпы 11 гектар жер тилкесин жашылдандыруу иштери пландалууда.



