Бишкекте рестобарда коомдук тартипти бузган төрт айым кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-мартта саат 03:15 чамасында Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан рестобарда 1993-ж.т. М.А, 1995-ж.т. Ч.А, 1996-ж.т. А.М. жана 1996-ж.т. Н.Ж. аттуу айымдар жаңжал чыгарышкан. Жаңжал өз ара кемсинтүү жана адепсиз сөздөр менен коштолгон.
Айымдар териштирүү иштерин жүргүзүү Октябрь РИИБине жеткирилген.
Бул факты боюнча укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, алар райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.



