7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто маркум Көлбаевдин УКТ мүчөлөрүнө таандык курал-жарактар сакталган жай табылды

177

Токмокто Көлбаевдин УКТ мүчөлөрүнө таандык курал-жарактар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жайдан 2 кесилген мылтык, 2 мина, 1 өзүн-өзү жардыруучу түзүлүш, 1 граната, тротил, 1 бет кап, 2 бычак, 3 жандыргыч жана ар кандай калибрдеги патрондор табылып алынган.

Алынган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, алардын мурда жасалган кылмыштарда колдонулган-колдонулбагандыгын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

178