Бишкек шаарында алдыңкы айнектери караңгылатылган жана мамлекеттик номерлери жок Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жашы жете элек өспүрүм экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамдуу “токто” деген талапка айдоочу баш ийбей, качууга аракет кылган, бирок куугунтуктоонун жыйынтыгында унаа кармалган.
Текшерүү учурунда унааны 16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр айдап жүргөнү аныкталган. Натыйжада унаа айып короого токтотулган. Окуя болгон жерге өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакырылып, аларга карата тиешелүү укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлгөн.



