АКШнын президенти Жо Байден Кыргызстандагы элчиси Дональд Луну кызматтан көтөрүү ниетин жарыялады. Элчи эми АКШнын Түштүк жана Борбор Азиядагы өкүлүнүн жардамчысы болот. Бул тууралуу элчилик Twitterдеги расмий баракчасында маалымдайт.
«Президент Джо Байден АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Луну Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча мамлекеттик катчынын жардамчысынын кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниетин жарыялаганына кубачтабыз. Элчи Лу Вашингтондо кыргыз-америка мамилелерин тереңдетип, жаңы мүмкүнчүлүтөрдү ачаарына ишенебиз«, -деп жазылган.
Түштүк жана Борбордук Азия боюнча бюрого Борбор Азиянын 5 өлкөсү, ошондой эле Индия, Пакистан, Афганистан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Бутан кирет.
Дональд Лу 2018-жылдын 18-сентябрында АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына киришип, ант берген. Ага чейин АКШнын Албаниядагы элчиси болгон.
Мамлекеттик кызматта 28 жылдык тажрыйбага ээ Дональд Лу Батыш Африкада Эбола кризиси учурунда дагы иштеген.