Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде өткөн жыйынында Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын ( КЭДП/НДПК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу жыйынтыкт жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Мындай жыйынтык үчүн БШКнын тогуз мүчөсү “макул” деп добуш берсе, эки мүчөсү каршы болду. Партияга бул чечимден кийин Бишкек шаардык кеңешине мандат берилбейт.
Түн оогонго чейин уланган жыйындан кийин Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын мүчөлөрү БШКнын чечимине макул эместигин билдиришти. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы кайсы бир тараптын буйругун аткарганын белгилеп, сотко кайрыла турганын айтышкан.
Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде өткөн жыйында КЭДП партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны “добуш сатып алууга” айыптаган документтери негиз болгон.