7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында өткөрүлгөн ишембиликте 7630 көчөт отургузулду

10

Бүгүн Ош шаарынын аймагында өткөрүлгөн жалпы ишембиликте 7630 түп ийне, жазы жалбырактуу жана мөмө берүүчү көчөттөр жана гүлдөр отургузулду. Бул тууралуу ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 187,2 гектар жер аянты, 12100 метр ирригациялык арыктар тазаланып, 870 куб таштанды чыгарылган.

Жазгы үч айлыктын алкагында өткөрүлүп жаткан бул жолку ишембиликте шаар аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында негизги басым бак-дарактарды актоо, көчөт отургузуу иштерине жасалды.

Ишембиликке мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары жана жергиликтүү тургундар, жалпы 19872 жаран активдүү катышып, шаардын тазалыгын сактоого өз салымдарын кошушту.

Белгилей кетсек, “Жашыл мурас” улуттук демилгесин жайылтуу максатында жарыяланган Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын алкагында ишембиликтер 31-майга чейин уланат.

11