7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Тоо Резорттогу «Жыргалаң» курортун куруу үчүн жер тилкелеринин аукциону 8-апрелде башталат

27

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аукциондогу сатуулар 8-10-апрелде өткөрүлүп, күнүнө 12ден лот коюлат.

Аукционго «Жыргалаң» курортунун курулуш зонасында туристтик жана инфраструктуралык объектилерди камтыган 36 лот бар. Бул тилкелерде 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманкана, апартамент, этношаарча, ресторан, кафе жана башка коммерциялык объектилер курулат.
Сатуу https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасынын базасында өтөт.

Аукционго катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди бериши керек:
• аукционго катышуу үчүн билдирме (анда чет өлкөлүк жарандыгы же уставдык капиталда чет өлкөлүк катышуусу бар экендиги жөнүндө маалымат көрсөтүлөт);
• портал тарабынан берилген кодго ылайык кепилдик төгүмүн (взнос) төлөө;
• өздүгүн тастыктоочу документ (билдирме берген учурда жеке көрсөтүлөт).

Юридикалык жактар кошумча төмөнкү документтерди беришет:

– белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
– юридикалык жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укуктуу өкүлгө ишеним кат.

Эгерде билдирмени талапкердин өкүлү берсе, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтүү зарыл.

Документтер санариптик форматта же башка мамлекеттик органдардан алуу мүмкүнчүлүгү болсо, «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн.

Жер тилкесин өздөштүрүү шарттарына жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша, комиссия инвестордун финансылык абалын, долбоордун туруктуулугун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендигин тастыктаган кошумча документтерди, ошондой эле техникалык-экономикалык негиздемени же бизнес-планды талап кылууга укуктуу.

Кошумчалай кетсек, эгерде электрондук аукциондун катышуучусу жеңүүчү деп таанылбаса же аукцион өтпөй калды деп эсептелсе, кепилдик төгүмү (взнос) сатуунун жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде кайтарылып берилет.

Комиссия тарабынан аукцион төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:

— аукционго катышуу үчүн бир дагы билдирме түшпөсө;

— бир дагы талапкер аукционго катышууга киргизилбесе;

— аукционго катышууга бир гана талапкер киргизилсе;

— аукционго киргизилген талапкерлердин бири дагы ага катышпаса;

— аукционго бир гана катышуучу катталса.

Объект үчүн эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Жеңүүчүгө кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана ал сатып алынган мүлктүн төлөмүнүн эсебине чегерилет. Эгерде жеңүүчү жер тилкесинин сатып алуу баасын төлөөдөн баш тартса, кепилдик төгүмү кайтарылып берилбейт.

Белгиленгендей, 2025-жылдын июль айында өткөн аукциондо 49 лоттун ичинен 14 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Алардын катарында 5 жылдыздуу мейманкана, скандинавия стилиндеги отелдер, VIP-коттедж жана этношаарчадагы үйлөр сыяктуу негизги объектилер бар. Алардын баарын жергиликтүү инвесторлор сатып алышкан.

Курорттун курулушун баштоо үчүн объектилердин чек аралары такталган. Инвесторлорго жер тилкелеринин документтери берилип, бир катар объектилердин курулушу башталды.

28