7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан U-23 Азия кубогуна талапкер өлкө катары инспекциядан өттү

223

Кыргыз футбол биримдиги 2028-жылы өтө турган Олимпиадалык курама командалар арасындагы Азия Кубогун өткөрүүгө талапкерлигин көрсөтүп, анын алкагында Азия футбол конфедерациясынын (АФК) өкүлдөрү Кыргызстанга келип, өлкөнүн даярдыгын баалоо максатында инспекциядан өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдайт.

Талапкерлик алкагында Кыргыз футбол биримдиги эл аралык талаптарга жооп берген стадиондорду, машыгуу аянтчаларын, мейманкана инфраструктурасын жана транспорттук логистиканы камтыган комплекстүү концепцияны касыз кылуусу абзел.

Адистер инспекция учурунда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду, «Алга» спорттук комплексин, «Достук Арена» стадионун, салынып жаткан «Бишкек Арена» стадионун, «Мурас Юнайтед», «Дордой» клубдарынын жана Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт мектебинин оюн талаасын, «Илбирс» спорт клубунунун жана ошондой эле бир катар машыгуу талааларын жана командалар жайгаша турган мейманканаларды көрүп, баалоодон өткөрүштү.

Инспекциянын жыйынтыгы жана берилген документтердин негизинде мелдешти кабыл алуучу өлкө боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Белгилей кетсек, 2028-жылдагы турнирди өткөрүүгө ошондой эле, Иордания, Япония, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстан да талапкерлигин көрсөтүштү.

 

224