7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте милиция кызматкерлерин көзгө илбей, ашата сөккөн айдоочу кармалды (ВИДЕО)

215

Бишкекте милиция кызматкерлерин көзгө илбей, ашата сөккөн айдоочу кармалды.

Шаардык милиция окуя 3-апрелде болгонун билдирди. Айдоочу патрулдук милиционерлердин эскертүүсүнө баш ийбей, сөгүнө баштаган. Тактай келгенде ал 36 жаштагы грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан, Азия чемпионатынын байге ээси, Олимпиада оюндарынын катышуучусу болуп чыккан.

Наркологиялык текшерүүдөн ал баңгизат колдонгону аныкталды. Андан соң спортчунун үйү тинтүүгө алынып, ал жактан гашиш табылган. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, «Майда бейбаштык» жана «Баңгизат даярдоо» беренелери менен кылмыш иши козголду.

Аталган инициалдарга спортчу Мурат Рамоновдун аты туура келүүдө. Эске салсак, ал Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары мурдагы премьер Сапар Исаковго кымбат баалуу ок өтпөс унаа белекке бергени айтылган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

216