7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суу районунда ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди

219

Ош облусунун Кара-Суу районунда ата-энесинен ажыраган балдардын турак жайга болгон укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 3 тоголок жетим баланын мыйзамда каралган укуктары толук камсыздалбай, жер тилкелери берилбей келгендиги аныкталган.

Райондук көзөмөл органы тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Кеңсай, Тельман жана Ак-Жар айылдарынан ар бир балага турак жай куруу үчүн 0,06 гектардан жер тилкелери бөлүнүп берилди.

Белгилей кетсек, Балдар жөнүндө кодекстин 13-беренеси жана Турак жай кодексинин 43-беренесинин талаптарына ылайык, жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте турак жай аянтын кезексиз алуу укугуна ээ.

Учурда балдардын жер тилкелерине болгон менчик укуктары толугу менен каттоого алынды.

220