7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда жасалма интеллект тасмаларынын эл аралык фестивалы өтөт

22

Күз айларында Казакстанда жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен тартылган тасмаларга арналган Astana AI Film Festival- 2026 эл аралык фестивалы өтөт, деп билдирет Kazinform агенттиги.

Маалыматка ылайык, фестивалга автор, санариптик жаратуучу, технологиялык компаниялардын өкүлдөрү, эксперт жана инвесторлор катышат.

Иш-чарада эл аралык кыска метраждуу тасмалар сынагы болот. Ага бардык кинорежиссерлор катыша алат.

Фестивалда ошондой эле конференция, авторлор жана продюсерлер үчүн презентация сессиялары, ошондой эле эл аралык эксперттер менен талкуулар болот.

Мындан ары иш-чара тажрыйба алмашуу жана санариптик контент индустриясындагы жаңы тенденцияларды өнүктүрүү үчүн платформага айланат деп күтүлүүдө.

23