7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна капсула салды

19

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарында Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты.

Иш-чара Мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Салтанаттуу аземди ачып жатып, Президент сөз сүйлөп, билим берүү тармагындагы бардык ийгиликтерди ар дайым колдой турганын белгиледи.

“Кайсы гана өлкөнү албайлы, илим-билимдин аркасында гана өнүгүү жолуна түшкөндүгүнө тарых барактарынан күбө болуп келебиз. Кезинде даанышман, ойчул бабабыз Жусуп Баласагындын: “Билим – бийик, түгөнбөс, окуу — улук, Адам үчүн бул эки артыкчылык” деп айтканы бар. Мына ошондуктан биздин экинчи борборубуз Ош шаарында 10 мектептин пайдубалынын түптөлүшү жеке эле Ош шаары үчүн эмес, жалпы өлкөбүз үчүн, жамы журтубуз үчүн чоң окуя десем жаңылышпаймын”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Оштогу билим берүүнүн учурдагы абалына токтолду.

“Бүгүнкү күндө Ош шаарында мамлекеттик 70 мектепте 100 миңден ашуун окуучу билим алып жатат. Тилекке каршы, мамлекеттик мектептердин сыйымдуулугу болгону 46 миңден ашуун гана окуучуга эсептелген. Бул – иш жүзүндө мектептер 2 эседен ашык жүктөм менен иштеп жатканын көрсөтөт.

Ош шаарынын билим берүү тармагынан кабарыбыз бар. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша көйгөйлөрдү четинен чечип келе жатабыз. Ал эми мектеп жетишсиздигинин айынан экинчи борборубузда билим берүүнүн аксашына жол бербөө үчүн жаңы мектептердин курулушун кечиктирбей баштоо бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгилейм!”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бул 10 мектеп тең Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен куруларын өзгөчө белгиледи.

“Мындан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен дагы 5 мектептин курулушу уланууда. Кудай буюрса, жалпы 15 мектеп пайдаланууга берилсе, шаар мектептериндеги орун тартыштыгынын болжол менен 20–22%ын жабууга мүмкүндүк болот. Натыйжада:

— 3 смендүү мектептердин саны олуттуу кыскарат;

— бир катар мектептер 2 сменден 1 сменге өтүү мүмкүнчүлүгүн алат;

— класстардагы окуучулардын саны оптималдашат;

— Ошентип билим сапатын жогорулатууга шарт түзүлөт”, — деди Президент.

Мектептердин курулушун жаңы окуу жылынын башталышына чейин аяктоо пландаштырылууда.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Ош шаарындагы мугалимдердин жетишсиздиги маселесине да токтолду.

“Мамлекет дубандары, дубандарда билимдүү, дүйнө таанымы кеңири, ынтымактуу эли, эл ичинен суурулуп чыккан билимдүү, мекенчил, ар тараптан өнүккөн жаштары менен күчтүү”, — деп баса айтты Президент Садыр Жапаров.

Иш-чара аяктаган соң Мамлекет башчысы Ош шаарынын мугалимдери жана тургундары менен баарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров мамлекет жаңы мектептерди куруу үчүн бардык зарыл аракеттерди көрүп жатканын, ошол эле учурда акча каражаттары өлкөнүн бардык региондоруна бирдей бөлүштүрүлүп жатканын, айрым аймактарга артыкчылык берилбегенин ырастады.

Бүгүн Ош шаарында төмөнкү долбоорлор башталды:

— 1200 окуучуга ылайыкталган Салижан Жигитов атындагы №2 мектептин (мурунку аталышы — Карл Маркс) жаңы имаратынын курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;

— С. Алымкулов атындагы №33 орто мектеби үчүн 312 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектептин имараты 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

— Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин аймагында 750 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектеп 7 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

— М.В.Ломоносов атындагы №3 орто мектебинин эски имаратын бузуу менен жаңы имараттын курулушу. Мектеп 4 блоктон турат, 4 кабаттуу жана жертөлөсү бар;

— Ак-Буура конушунда 800 окуучуга ылайыкталган жалпы билим берүүчү мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

— Ош шаарынын Ишкаван айылында 700 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

— Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сары-Зоо участкасында 528 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

— Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп үчүн 1200 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;

— «Эне-Сай» жаңы конушунда 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

— Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сүрөттүү-Таш айылында 500 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу. Мектеп 6 блоктон турат жана 2 кабаттуу.

20