7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан авиациясы дүйнөлүк деңгээлдеги көргөзмөдө

21

“Кыргызстан аэропорттору” ААК дүйнөлүк авиация тармагындагы эң ири аянтчалардын бири болгон Aircraft Interiors Expo 2026 көргөзмөсүнө катышты. Иш-чара Гамбург шаарында өтүп, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун арттырууга багытталган акыркы технологиялар сунушталды.

Бул көргөзмөдө алдыңкы өндүрүүчүлөр учак салондорунун жаңы үлгүлөрүн, заманбап жарыктандыруу системаларын, борттук көңүл ачуу (IFE), интернет жана санариптик кызматтарды тааныштырды.

Иш сапардын алкагында “Кыргызстан аэропорттору” ААК ишканасынын жетекчилиги дүйнөлүк авиация гиганттары – Airbus, Panasonic Avionics жана Thales менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда негизги көңүл Airbus A321 тибиндеги учактарга заманбап чечимдерди киргизүүгө бурулду.

Мындан тышкары, инфраструктураны өнүктүрүү маселеси да каралып, Aerotec Group Europe менен аба кемелерин техникалык тейлөө борборун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул долбоор ишке ашса, өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, техникалык көз карандысыздыкты жогорулатмакчы.

“Мындай эл аралык жолугушуулар биздин авиацияны өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Алдыңкы технологияларды өздөштүрүү, флотту жаңылоо жана ата мекендик авиациянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу негизги максатыбыз”,- деди “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

22