7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата энергетикалык инфраструктура чыңдалууда

161

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында Ысык-Көл облусунда энергетикалык объекттерди жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Григорьевка айылында узундугу 17,7 чакырым болгон 10 кВ жаңы электр берүү чубалгысы заманбап СИП зымдары менен курулууда. Мында 200гө жакын темир-бетон мамылары орнотулду.

Ошондой эле узундугу 16 чакырым болгон эски чубалгылар жаңыланып, жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылууда.

Мындан тышкары, «Григорьевка» көмөкчордонуна эки заманбап элегаздык өчүргүч орнотулат. Бул жабдуулар кыска туташуу учурунда автоматтык түрдө коргоону камсыз кылып, системанын коопсуздугун жогорулатат.

«Бардык жумуштар июнь-июль айларында толугу менен бүткөрүлүп, Көчмөндөр оюндарынын объекттерин туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.

162