7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто “Аэропорт” авиапаркы пайдаланууга берилди

3

“Ош” Эл аралык аэропортунун аймагында “Аэропорт” авиапаркы расмий пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, “Кыргызстан Аэропорттору” ААКнын жетекчиси Манасбек Самидинов, аэропорт жамааты жана шаар тургундары катышты.

Ачылыш аземинде мэр Жанарбек Акаев сөз сүйлөп, шаар тургундары үчүн бул сейил бак чоң белек экенин, калаанын аймагындагы ишканалар бош жайларды жашыл аймак кылса жакшы болоорун айтып өттү. Ошондой эле калаа башчысы ушу тапта Ош шаарында көчөт отургузуп, бак тигүү жашыл зоналарды көбөйтүү жараяны жигердүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Аэропорт” сейил багы 1 гектар жерди ээлеп, анда авиамузей, Сулайман-Тоонун 3Д макети, 2 кадимки учак, сейил бак, оргума бар. Ошондой эле, жашыл аймак, түнкүсүн жарыктандыруу, өзгөчө дизайндагы отургучтар каралган.

Ж.Акаев өз сөзүндө билдиргендей, учурда шаар боюнча 13 жаңы сейил бак курулууда.

4